Таластагы айрым депутаттар спикерди сындоону токтотуу керектигин айтып чыгышты

turmush
Скачать
Просмотров: 5438
 
Опубликовано 9 Июня 2020, 20:59

Бүгүн, 9-июнь күнү АКИпресс-Таласта маалымат жыйын өттү. Маалымат жыйынга Өзгөрүш айыл аймагынын депутаты Токтобай Бечелов, активист Кеңешбек Калматов, Миң-Булак айыл аймагынын депутаты Тахир Койчубаев катышты. Алар Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго айтылган буйрутма сын-пикирлерди токтотууну суранышты.

«Ушул тапта Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун үстүнөн көп сын-пикирлер болуп жатат. Интернетте, социалдык тармактарда дарегине карата буйрутма сындар көбөйдү. Фейк баракча менен бекинип алып, ар нерсени жаза беришет. Силер сын айткыңар келсе өзүңөрдүн атынардан чыгып айткыла. Биз дагы ким жумуш кылды, ким иштеп, кимдин жардамы тийип келе жатат жооп бергенге даярбыз.

Биздин бүгүн маалымат жыйынга чыкканыбыздын себеби анын аркасында колдогон эли бар экенин айткыбыз келди. Мындай кыйын жагдайда кыргыз элине, анын ичинен Талас элине көптөгөн жардам берип жатат. Ал нерсеге баарыбыз эле күбөбүз. Тонналаган ундар, азык-түлүк, жардамдар келип жатат. Иштеп жаткан ишине сын койбой, тескерисинче колдоп, жардам берсек болмок», - деди алар.