Ак-Талаалык мугалим А.Жакыпова дарбазасын такта катары колдонуп, окуучуларына сабак өттү

turmush
Скачать
Просмотров: 10353
 
Опубликовано 12 Мая 2020, 13:43

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылындагы орто мектептин мугалими Айна Жакыпова кырдаалга байланыштуу окуучуларга аралыктан билим берүү үчүн үйүндөгү дарбазасын такта катар колдонуп, социалдык түйундөрдө талкуу жаратты. Мугалимдин эмгек жолу туурасында аймактык кабарчы маек курду.

Жакыпова Айна Рускулбековна 1964-жылы 10-мартта Кара-Бүргөн айылында туулган. Орто мектепти бүткөн соң, 1985-жылы Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек) Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика-математика факультетинен билим алган соң, Жогорку окуу жайды бүтүп келген соң Кара-Бүргөн айылындагы Молдобасан Мусулманкулов (азыркы Мукаш Базаркулов) атындагы орто мектебинде мугалим болуп эмгек жолун баштаган. Андан соң, Баетов айылындагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебине математик мугалим болуп ишке орношуп, ошол жылдан тарта азыркы мезгилге чейин аталган мектепте мугалим болуп эмгектенип келет. Бир гана мугалимдик кесипти аркалабастан мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы, социалдык мугалим, уюштуруучу жана класс жетекчилик иштерди аркалаган. Эмгегинин арты менен райондук, облусттук администрациянын ардак грамоталары, 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгисине ээ болгон. Үй-бүлөлүү. Жолдошу Жакшылык Суранбаев өмүр боюу өрт өчурүү кызматкери болуп эмгектенип, учурда ардактуу эс алууда. 2 уул, 1 кыздын энеси. 5 неберенин чон энеси.

Мугалимдик кесип - баардык кесиптин падышасы!

"Жолдошум Жакшылык дагы Кара-Бүргөн айылынан болот. Мен жогорку окуу жайды бүтуп келген соң, айылдагы мектепте иштеп баштадым. Жакшылык ал кезде милиция кызматкери болчу. Бир жолу жолдошумдун атасы "биздин мектепке Элүүбектин карындашы окуусун бүтүп келип иштеп жатыптыр. Жакшы окуган, жакшы кыз эле.. сүйлөшүп көрбөйсүңбү" дептир. Анан экөөбуз сүйлөшүп калып, 1986-жылы 3-мартта баш кошконбуз. Эгер, ар бир адамз кесибин сүйбөсө оордугун гана билим, жеңил жагын көрө албайт. Ким кесибин сүйсө - ардактуу болуп эсептелинет. Мугалимдик кесип - өз жемишин бере алган бирден бир кесип. Математика илимдердин падышасы деп айтылса, ал эми мугалимдик - бул баардык кесиптердин падышасы деп айтат элем. Өз кесибимди сүйгөндүктөн 35 жылдан бери эмгектенип келе жатам. Бул кесип жашоомдун жарымы гана болбостон, эашоомдун маңызы дагы болуп калды. Кесибимден тышкары, маданий иштерге катышып, алып баруучулук жагын кол алып жүрөм. Алып баруучулук талантым бар десем болот. Курманжан датка жылы жарыялап, "Даткайым" аттуу маданий сынак жарыяланып, 1-орунду ээлегем", - деди Айна Жакыпова.

Дарбазаны такта кылууга туура келди...

"Дарбазаны такта кылып, сабак өтүп көпчүлүктү таң калтырайын деген эмесмин. Дүйнө жүзүнө апаат билим берүүгө дагы терс таасирин тийгизип жатканына күбө болуп жатасыңар. Окуучулар менен мугалимдер бир-бирибизди көрүшө албай, кырдаалга байланыштуу аралыктан онлайн сабак өтүүнү аргасыздан колго алдык. Мугалим токтоп калбастан, бүткүл аракети менен окуучуларыңа кандай гана учур болбосун билим берейин деген ой болду. Жалгыз эле мен эмес, баардык мугалимдер талыкпаган эмгегин, күч-аракетин көрсөтүп жатышат. Окуучуларыма өтө турчу сабагымды кандай кылып жеткирип, түшүндүрүп берем деп, короомдо такта (доска) издеп жүрүп, көзүмө дарбаза көрүндү. Анан, кызыма "мен бир темада сабак өтөйүн, сен ошону видеого тартып" деп кайрылдым. Түшкү мезгил болчу. Сабагымды өтүп, видео тарттырып, окуучуларым үчүн ватсаптагы ата-энелердин тайпасына жибергем. Ал жактан Нурзат Молдакунова деген мугалим республика боюнча түзүлгөн "Санарип мугалим" деген тайпага жөнөтүп коюптур. Ошол тайпадан улам болгон соцтүйундөргө тарап кетиптир. Сабак өтүү боюнча ар бир жасап жаткан ишибиз боюнча окуу бөлүмүнүн башчысына маалымат берип турабыз", - деди ардактуу кесиптин ээси.

Талыкпай билимин берип, мыкты уул-кыздарды тарбиялаган А.Жакыпова ишиндеги кызыктуу окуялардан айтып берди.

"Мугалимдер чын эле окуучулардын чурулдаганы, ызы-чуусунан көп чарчап калышат. Бир жолу Дамира Нургазиева эже сырттан мектепке шашып кирип келе жатып, мага "ай сен дежрусуңбу?" дейин деп, "ай сен звоноксуңбу?" деп коёт.
Дагы бир күнү Сакен Медетова эже мектепке бара жатса, алдынан окуучулары чыгып "саламатсызбы, саламатсызбы эжеке" деп бир-биринен өтуп учурашышса...байкуш эже ойлонуп бара жатканбы... сыртта бара жатканын байкабай калып, окуучуларына карап "садитесь, садитесь" деп коёт дейт күлүп).
Өзүмдүн турмушумда, ишимде деле көп эле окуялар болду. 35 жылда эмнелер гана болбоду?. Кулкүлүү окуялар, айрым учурларда капа болчу окуялар дагы болду. Союз тарап кетип, эл кыйналып, мугалимдер 6 айлап айлык албай иштеген учур болуп калды. Мен ал кезде жаш мугалиммин. Менин классымда апасы каза болуп калган, атасы бар, көп балалуу үйдөгү бир окуучум бар эле. Ал окуучунун үйунө кайсы убакта барбайын колдорунда жок, көп нерсеге жетпей жашашчу. Сабактан дагы көп калчу. Ал кезде тартип катуу болуп, өз милдетибизди так аткарууга аракет кылчубуз. Сабакка келбеген окуучуларды милдеттүү түрдө алып келишибиз керек болчу. Эртең менен эрте өз балдарым уктап жаткан учурда тиги окуучумдун үйүнө барам. Барган учурда кыдыратасынан тизилип алып уктап жатышкан болот. Арасынан окуучумду таап, ойготуп алып "жүрү, жүрө гой, сабакка барабыз" десем...окуучум ойгонуп "эже, менин бутумда эч нерсем жок" дейт. "Бутуң эмне болду эле?" десем, "бут кийимим жыртылып калган, сабакка эмне кийип барам" деди. Эмне кылсам деп ойлонуп отурам. Өзүм деле 6 айдан бери айлык албай, кыйналып тургам. Ошого карабай "көчөгө барып, дагы бир коммерсанттын мойнунан кучактап келейин" деп барып, бирөөдөн "ботас" алып, келе жатсам алдыман Дамира Балтабаева аттуу курбу мугалим чыгып калды. Анан ал "ай кайдан келе жатасың?" дегенинен, окуучума бут кийим алып келе жатканымды айтсам...ал "укмушсуң го, биз болсо үйдөгү балдарыбызга бут кийим алып бере албай жатсак, сен окуучуңа бут кийим алып келе жатканың кыйын экен" деп кулуп жатпайбы. Алып берүүгө болбой калды да. Атасы болсо "мен кайсы бирине бут кийим алып берейин, кекиртектерине араң жеткирип жатам" деп кутулду. Ошол окуучумдун ушунчалык сүйүнүп, урматтоо менен мени карап турган көз карашы азыркы учурга чейин көз алдымда тартылып турат", - деди Айна эже.