Кара-Суу районундагы согуш ардагери Жаңыбай Таштановдон, Өкмөттүн Оштогу өкүлү кабар алды

turmush
Скачать
Просмотров: 174
 
Опубликовано 4 Мая 2020, 12:08

Таштанов Жаңыбай, 1923-жылы 12-февралда Өзбекстан Республикасынын Коргон-Төбө районунда туулган. 1930-жылга чейин туулуп өскөн айылындагы мектепте окуган. 1942-жылы 9-ноябрында Советтик Армиянын катарына чакырылган. Улуу Ата-Мекендик согушту Украинада Луганск шаарында баштап, кийин Белорусия,Варшава, Берлинге чейин Кызыл-Армиянын катарында согуштун жолун басып өткөн. 1945-жылы 9-майда согуш бүткөндөн кийин,1947-жылы 27-ноябрына чейин Кызыл-Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1948-жылдан бери Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарына келип, үйлөнгөн. 4 уулу бар.