Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылына 24 жаштагы тургуну Нуржамал Надырбекова кыз-уландар үчүн "Эрке кыз" окутуу борборун ачкандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, 3-май күнү аталган айылга Н.Надырбекова жергиликтүү кыз-келиндерди сулуулоо, чач жасалгалоо жана бул кесип боюнча кызыккандарды окутуу борборун ачты.
Бул кесип боюнча окугандар сертификат алышат жана иштегендердин эмгек китепчеси ачылат.
"Бул сферада аралашып жүргөнүмө 6 жыл болду. 4 жыл сулуулук салондорунда сабак берип иштеп жүрдүм. Туулган айылыма келип "Эрке кыз" окутуу борборун ачтым. Ал эми өзүм окутуу борборунда окуп келгем. Мисалга айтсам, кирпик улоо боюнча 5 миң сом төлөп 15 күн окушат. Баардык жабдыктары бизден берилет. Мындан тышкары адамдын жүзүн сулуулоо, тырмак жасалгалоо, ар түрдүү чач жасалгалоо жана башка кызматтар көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүудөн тышкары ушунун баардыгы боюнча окуп сертификат алып чыгышат. Эгер, бул борборго иштешсе ар бир кардардан 1 миң сомдон каражат табышат. Өзгөчөлүгү, ушул салонго иштегендерге эмгек китепчеси ачылат. Атайын социалдык фонд менен келишим бар. Кыскасы, иш тажрыйба болуп жазылат. Азыр көбүнчө жаштар жогорку окуу жайларда окуп чыгышып, бирок иш таба албай убара болуп келишет. Азыркы учурда мындай майда кесиптерди окуп алышса жумуш таап алууга, иштөөгө оңой болот. Учурда жергиликтүү 3 кыз кабыл алынды", - деди Н.Надырбекова.