Талас облусуна 2000 миң кап ун келди. Бул тууралуу Талас шаардык кеңешинин депутаты Тимур Жумабеков билдирди.
Анын айтымында, бул ундар «Исмаил ата» фонду тарабынан келген.
«Ундарды жакыр үй-бүлөлөргө, томолой жетимдерге, үй-бүлөдө майып бала баккандарга таратып жатабыз. 2000 кап ундун 800 кабы Талас шаарынын тургундарына, калганы 4 райондун элине таратылды. Муну менен катар аталган фондтдон Талас облусуна 3000 даана бет кап келип, алар дагы таратылды», - деди ал.
Талас шаардык кеңешинин депутаты Аскар Шабданов дун айтымында, учурда оор шартта жашаган адамдар жардамга муктаж экендигин белгиледи.
«Баарыбызга маалым болгондой бир нече күндөн бери карантин болуп жатат. Биз эл ичинде болгондон кийин ар жактардан эл үчүн жардам издеп баштадык. Алгачкылардан болуп «Исмаил ата» фонду жардамга келип, 2000 кап ун алып келип беришти. Учурдагы жагдайда күнүмдүк оокат-аш таап жашагандар бар. Кечинде оокаты болуп, эртең менен тамак-аш алганга каражаты жок калгандар болуп жатат. Ошол адамдарга бул нерсе аябай эле жардам болот деп ишенем. Мындай иштерди көргөн башка ишкерлер үлгү болуп, элибизге ушундай учурда кол кабыш кылышат деп ойлойм. Алганда сүйүнүп канчасы батасын берип жатышат. Учурда түндүк-түштүк деп бөлүнбөй бир муштумдай ынтымакта болсок бул илдетти жеңебиз. Бул ундарды таркатууга облустун демилгелүү жаштары активдүү катышты», - деди ал.