Ат-Башы районунун бардык айылдарында пенсия, пособие, айлык акыларды берүү өз айылдарынын ичинде гана уюштурулат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда район акиминин биринчи орун басары банк жетекчилери менен атайын жыйын өткөрүп сүйлөшүүлөр жүргүзгөн.
Анын айтымында айыл тургундары атайын райондун борборуна келип карточка менен акчаларын алып кетишчү.