Кочкорлук комузчу Шаршеналы Айдакеевдин чыгарган күүлөрү чертилбей унутта калган, деп билдиришти тургундар.
Шаршеналы Айдакеев болжол менен 1904-жылы Кочкор аймагындагы Семизбел болуштугунун Кара-Күңгөй айылында туулган. Ал арык тукуму ичиндеги саргалдак уруусундагы эшбала тобунан. 1912-1914-жылдары Кара-Күңгөйдө Ыйманбай Орозалин деген мугалимден сабак алып, латынча жазууну жана орусча сүйлөөнү үйрөнгөн. Ыйманбай Орозалин Шаршеналыга таяке болгон. Ал медресеге Петр биринчинин сүрөтүн илип коюп, балдарга Казань шаарында чыккан гезит, журналдарды окуп берген экен. 1914-жылы Ыйманбай орус-герман согушуна жөнөтүлүп, балдардын билим алуусу токтойт.