Бүгүн, 9-мартта Талас шаарынын Чубак Сатаев жана Атай Огомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде «Таза суу» ишканасынын суу түтүгү жарылды. Бул тууралуу аталган ишкананын жетекчиси Эркин Камчыбеков маалымат берди.
«Бул суу түтүкчөсү Талас шаардык коммуналдык чарба ишканасына барчу суу. Суу түтүкчөсү 5-6 күндөн бери болуп жаткан сууктан улам жарылды окшойт деп жатабыз. Азыр сууну жаптык, жакынкы күндөрү оңдолот», - деди ал.