Баткендин Жаңырык айылынын тургундарын коопсуз жайга көчүрүү керек

turmush
Скачать
Просмотров: 70
 
Опубликовано 26 Февраля 2020, 14:21

Баткен районунун Жаңырык айылы жер көчкү кооптуулугу күч аймакта жайгашкандыктан андагы тургундары башка жакка көчүрүү аракеттери көрүлүүдө.

Маалым болгондой, ӨКМдин корутундусу менен айыл жер көчкү жүрүүчү кооптуу аймак деп табылган. Айылда бүгүнкү күндө 10 кожолук жашап жатат. 1998-жылы Жаңырык кооптуу аймак деп аныкталган. Жергиликтүүлөргө мамлекет тарабынан Чек айылынан 15 сотыхтан жер тилкеси жана 24 миң сом өлчөмүндө каражат берилген. 2000-жылдан тарта тиешелүү кызматкерлер тарабынан элди көчүрүү аракети көүлүп келет. Бүгүнкү күндө чейин үзгүлтүксүз өткөрүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 14 кожолук көчүп кетишкен. Кооптуу аймакта отурукташып калган 10 кожолуктун жер маселеси тартыш болгондуктан турак жайларын таштап кете албай жүрүшөт.

Дара айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адиси Абдыманап Мамытовдун айтымында, тургундар турак жай берилсе көчүүгө даяр.

«Кооптуу деп табылып, көчүрүлсүн деген 10 үйдүн балдары өкмөт тарабынан берилген жерге үй салып, ошол жакта жашап жатат. Бирок алардын балдарынын турак жайы жок болгондуктан мына ушул кооптуу жерде жашоого аргасыз. Анткени батпай жатышат. Бир үйдө экиден келин болуп калып жатат. «Эгерде турак жай берилсе көчөбүз» деп жатышат. Биз да көчүрүү аракетин көрүп жатабыз», - деди ал.

Жергиликтүүлөр коопсуз жайга көчүүгө макул болушту.

«Мен бул жерде балам менен турам. 10 түтүн менен бир жерге барып отуруш кыйын экен да. Кудай кааласа коопсуз жайга барабыз, - деди айыл тургуну Аширбай Умаров.

ӨКМдин Баткен району боюнча бөлүмүнүн башчысы Туратбек Турдуевдин айтымында, жаз айлары келери менен жаан-чачын болуп, анын негизинде көчкү, сел жүрүшү ыктымал. Андыктан кооптуу деп табылган жерлердеги тургундарды көчүрүү керек. Учурда ӨКМ менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жер-жерлерде иш алып барып жатышат.