Бүгүн, 14-февралда Москва районунда советтик аскерлердин чектелген контингентинин Ооган жергесинен чыгарылышынын 31 жылдыгы белгиленип, ооганчы жоокерлер урматталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук аскер комиссариаты тарабынан билдирилди.
Маалым болгондой, эскерүү күнгө раймамадминистрациянын, райондук аскер комиссариатынын кызматкерлери, Беловодск айылындагы 86123-аскер бөлүгүнүн өздүк курамы, соцтүзүмдүн өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышкан. Анда Ооган согушунда курман болгондор эскерилип, эстеликке гүлчамбар коюлду. Аза күтүлүп, асманга ок атылган.