Түндө Балыкчы шаарына кирип келген карышкыр тургундарды «качылдатты»

turmush
Скачать
Просмотров: 25666
 
Опубликовано 20 Января 2020, 11:58

Түндө Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына кирип келген карышкыр тургундарды бир сыйра «качылдатты». Бул тууралуу жашоочулар билдиришти.

Карышкырды видеого кечээ, 19-январда саат 23:04тө шаар тургуну Айтбек Өзүбеков тартып алган.

«Бул видео Жеңиш көчөсүндө тартылды. Жанымда апам бар болчу. Унаа менен үйгө келе жатканбыз. Карышкыр ушул көчөгө чейин кирип келиптир. Аны көрөр менен кошунамды чакырдым. Ал экөөбүз артынан кубалап таппай калдык. Жогору жакта токой бар. Ошол жакка качып кетти. Алдыңкы оң бутунан жаракат алыптыр. Видеону башкаларга көрсөтүп сураштырсак, ургаачы карышкыр экен», - деди ал.