Актриса Роза Азимбаева Баткенге келин болду

turmush
Скачать
Просмотров: 12725
 
Опубликовано 8 Января 2020, 11:58

«Министрдин кызынын махабаты» тасмасында башкы ролду ойногон актриса Роза Азимбаева 3-январь күнү Баткенге келин болуп келди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, жолдошу Алтынбек Нажимидинов 1978-жылы төрөлгөн. Учурда А.Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында музыкант, үн режиссер болуп иштейт. Жубайларды үлпөт тою качан өтөрү белгисиз. Роза Азимбаева 1986-жылы Жалал-Абадда төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин 2003-жылы Бишкек шаарына көчүп кетип, ошол убактан бери Бишкек шаарында турчу.

- Актрисалыкка кандайча келип калдыңыз?

- Актрисалыка 20 жашымда аралашкам. Апам гезиттердин биринен «Кино жылдызы болгун келеби?» деген жарнаманы окуп калып мага айткан. Мен кастингке барып, «Министрдин кызынын махабаты» тасмасына 70тей кыздын арасынан башкы ролго тандалып алынгам. Ошондон баштап актрисалык кесипти аркалай баштадым. Андан кийин «Жылдыздар манежде» деген долбоордо катышып жатканда курбум Зуура Бакирова «актрисалыктын окуусун окуп кой» деп айткан. Бул сунушту туура көрүп, атайын актрисалык билим алдым.

- Баткенге кандайча келип калдыңыз?

- Баткенге атайын чакыруу менен келгем. Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Баткен облустук драма театрында атайын професссионал актер, актрисалар жок болгондуктан облустун маданиятын көтөрүү максатында чакырышкан. Ушул себептен А.Жайнаков атындагы облустук музыкалык драма театрында иштегени келгем. Жолдошум Алтынбек менен театрында иштеп жүрүп таанышып калдык. Мен анын токтоолугун, аялзатына болгон мамилесин, боорукерлигин жана камкордугун жактырдым. Мындайча айтканда ччыныгы эркектерге тиешелүү бардык сапаттары бар десем жаңылышпайм.

- Келиндик доорду кандай өткөрүп жатасыз?

- Келиндик доор күн сайын кызыктуу окуялар менен коштолуп жатат. Бирок кинодогудай кызыктуу окуялар болгон жок. Эң негизгиси кайын журтума мен жактым, алар мага жакты. Жакшы күндөр уланып жатат. Жолдошум өзү чыгармачыл болгондуктан менин чыгармачылыгымды колдойт. Ошондуктан мындар ары да чыгармачылыгымды улантам.