Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылындагы Ак-Суу капчыгайында 2 карышкыр атылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.
Алардын айтымында, карышкырлар 6-декабрдан 7-декабрга караган түнү атылган.
«Ушул тегеректеги жергиликтүү элдин мал-жандыктарына кол салып жатышкан. Биз из менен кубалап, 6 баш карышкырды көрдүк. Алардын төртөө жеткирбей качып кетишти. Калган экөөнү атып алдык», - деп билдирди мергенчилер.