Кара-Бүргөн айылында 2 млн 600 миң сомго курулган футбол аянтчасы ачылды

turmush
Скачать
Просмотров: 424
 
Опубликовано 9 Декабря 2019, 23:53

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында 2 млн 600 миң сомго курулган футбол аянтчасы ачылып, пайдаланууга берилгендигин аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн 9-декабрь күнү аталган айылга курулган футбол аянтынын ачылыш аземи белгиленип, ага район акими Сейтек Кулубаев, коомдук ишмерлер Ишенбек Медетов, Билимбек Жакиев, айыл өкмөт башчысы Нурбек Соодонбеков, мектеп мугалимдери, айыл аксакалдары катышты. Ачылыш аземдин жүрүшүндө футболдук аянттын курулушуна колдоо көрсөткөн И.Медетов жана Б.Жакиевге айыл өкмөт жана айылдык кеңештин ыраазычылык каты тапшырылды.
"Урматтуу жаштар, кичинекей бир туугандар! Келечек сиздердики. Мына ушундай жаркыраган бул аянтчаны көздүн карегиндей сактап пайдалангыла. Бул чоң суммадагы каражатка, көптөгөн аракеттер менен курулду. Ушул аянтчадан балдарыбыздын ден соолугу чың болуп, сергек жашоого умтулушсун. Мыкты спортчулар чыксын. Ошондой эле курулушчуларга жардам кылып, тамак-аш менен камсыздап берип турган мугалимдерге жана башталган ишти аягына чыгарган айыл өкмөт башчысына ыраазычылык", - деди Б.Жакиев.
Ал эми футбол аянтчасын курууну колдоп, учурунда түрткү берүүчү грантка долбоорун өткөрүп берген Ишенбек Медетов 30 жыл мурун чаң баскан аятчада футбол ойногондорун эскерди.
"Мындан 30 жыл мурун ушул жердеги эски мектепте окуп, жаңы мектеп салынып жаткан кол кабыш кылып, каникул учурунда эч жакка барбай шагылын ташып, бетонун куюштук эле. Жаңы мектептин биринчи бүтүрүүчүсү болгонбуз. Эски мектеп дайыма түшүмө кирет. Балалык кезде мындай аянт жок, боз топуракка белчебизден батып, ошого карабай ойночу элек. Эми достор дагы, бир туугандар бизге "башка жерлерде футболдук аянттар курулуп жатат, бизге деле курулса болмок" деп. Өзгөчө достор катуурак айтат да "силер шайлоодо келип, андан кийин жоголуп кетесиңер" деп. Ал сөздөр жүрөккө катуурак тиет экен. Билимбек демилге көтөрдү. Бир кишинин бул ишти аткарышы оор деп биз дагы колдоо көрсөттүк", - деди И.Медетов.
Айыл өкмөт башчысы Нурбек Соодонбеков курулуш иштери жай жүргөнү менен сапаттуу жасалгандыгын айтты.
"Курулуш иштерин тендерден утуп алган "Чыңгыз интернейшнл" жоопкерчилиги чектелген коом курду. Курулуш иштери жай жүрдү, бирок сапаттуу жасалды. Курулуштун тендердик наркы 2 млн 600 миң сом болду. Мунун ичинен өздүк салымынын 10 пайызын Билимбек Жакиев агабыз колдоп берди. Ал эми, долбоорду дем берүүчү грантка киргизип, каражат бөлдүртүп берүүгө Ишенбек Медетов агабыз колдоо көрсөттү", - деди Н.Соодонбеков.