К.Султанов абанын булганышына сарсанаа болууда

turmush
Скачать
Просмотров: 17916
 
Опубликовано 4 Декабря 2019, 16:41

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылынын Поле-Чудес жаӊы конушунда жашаган Кубанычбек Султанов Бишкек шаарынын абасынын булгануусу боюнча өзүнүн ой-толгосун айтып, өкмөткө сунушун берди.

Ал Нарын облусунун Ат-Башы районунда 1980-жылы төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

- Мен ушул айылда 2001-жылдан бери жашайм. Биздин айыл Сокулук районуна караганы менен Бишкек шаарына жакын жайгашкан. Мындайча айтканда Сокулук районунун борборуна караганда Бишкекке аябай жакынбыз. Ошол себептен эл дүрбөп, кеп кылып жаткан калаабыздын түтүнү бизди да каптап турат. Бул түтүн көмүрдүн көп жагылышынан болуп жатат. Электр энергиясына акча төлөгөндүн ордуна көмүр жагып, акчаны сарамжалдуу колдонуу жакшы да. Жылдан жылга көмүр саткан кампалар көбөйүп баратат. Бул деген эл ошончо алып, колдонуп жатат деген сөз. Биз айылдан кечинде чыгып, терең-терең дем алып көрсөӊүздөр, көмүрдүн күйгөн жыты келет.