Бүгүн, 3 -декабрда Чүй облусундагы Москва районунун Беловодскидеги балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде майыптар күнү белгиленди. Ал тууралуу мекеменин директору Светлана Такырбашова аймактык кабарчыга билдирди.
Маалым болгондой, иш чарага КРнын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 47-мекемесинин , жол жана транспорт министрлигинин , мамлекеттик эко техинспекциясынын, раймамадминистрациянын, райондук оорукананын, прокураратуранын , айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери катышты. Салтанатта райондун прокурору Нуруллаев Кубанычбек майып балдарга башкы прокуратуранын атынан кеменин макетин белекке тапшырды.
" Бүгүн биздин мекемеде майыптар күнү белгиленди. Ага КРнын Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 47- мекемесинин тарбия иштери боюнча орун басары , ички кызматынын полковниги Талантбек Курманкалиев, улук психолог , ички кызматтын майору Наргиза Шаршеева, социалдык иштер боюнча улук тескөөчү, ички кызматтын капитаны Айзада Кудайбергеновалар келишип, майып балдардын жашоосу менен таанышты. Аларга өз белектерин беришти. Ал эми КРнын жол жана транспорт министрлигинин, мамлекеттик экотехинспекциясынын өкүлдөрү да суусундуктарды, балдар үчүн керектүү буюмдарды беришти. Раймамадминистрациянын башчысынын орун басары Жоомарт Нарботоев балдар үчүн бардык аракеттер жумшала тургандыгына токтолду. Райондун прокурору Кубанычбек Нуруллаев башкы прокуратуранын атынан балдарга кеменин макетин белекке берди. Иш чарада балдар катышуучуларга өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ырдап, бийлеп салтанаттуу күндү тосуп алышты"- деди мекеменин директору Светлана Такырбашова