Чүй облусунун Кайыңды шаарында 3 чакырым ички жолдорго асфальт төшөлүп, 43 көчөгө 540 түнкү жол чырактары коюлду. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.
Анын айтымында, Кайыңды 2012 - жылы шаар статусун алган. Учурда көп улуттуу 11500 дөн ашуун адам жашайт. Шаардын карамагында 63 көчө бар. Өткөн жылдарда 13 көчөгө асфальт төшөлгөн. Ал эми үстүбүздөгү 2019 - аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында 7 көчө асфальтталган.