Бүгүн, 29-октябрда Талас мамлекеттик университетинде Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата республикалык деңгээлде «Сатылган датка тарых таразасына» аттуу илимий-тажрыйбалык конференция өттү. Бул тууралуу аймактагы кабарчыга Талас мамлекеттик университетинин тарыхчы мугалими, Мөймөл Жусупова билдирди.
Анда Сатылган датка Бапы уулунун элдин биримдиги үчүн кылган эмгеги, анын тарыхтагы орду, Кокон хандыгынын учурунда көргөзгөн эрдиктери жөнүндө баяндалды. Конференциянын алкагында журналист Машакбай Рахманкуловдун «Сатылган датка» китебинин бет ачары болду. Мөймөл Жусупова «Кокон хандыгын тушунда Таластан чыккан даткалар» аттуу илимий докладын тааныштырды.