Москва районундагы ата -энелер мектепке 220 000 сомго даараткана куруп беришти

turmush
Скачать
Просмотров: 287
 
Опубликовано 25 Октября 2019, 12:37

Чүй облусунун Москва районундагы Чоң -Арык айылынын тургундары 220 000 сомго Тилекмат атындагы орто мектептин ички дааратканасын куруп беришти. Бул тууралуу ата -энелер аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, кош кабаттуу билим уясында 220 окуучуга 18 мугалим билим беришет. Анын материалдык - техникалык базасы жыл сайын чыңдалып барат. Окутуунун жаңы технологиялары менен да камсыз болушкан. Бирок айрым көйгөйлөр да чечилбей келген. Тактап айтканда, окуучулардын күн суук учурларда дааратканага баруусу көйгөй жараткан. Жакында ата-энелер өз каражатынан 220 000 сом топтоп мектептин ички дааратканасын бүтүрүшкөн.