Кечээ, 19-октябрда Аламүдүн районунун Байтик айылында Канай бий уулу Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата маараке өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, мааракеде ат оюндары кызуу өттү. Аламан байгенин 1-оруну үчүн 5000 долларлык «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа коюлду. Көк бөрү үчүн мелдештерге жалпы суммасы 500 миң сом байге каралды. Көк бөрүдө 1-орунду алган командага 250 миң сом, 2-орунга 125 миң сом, 3-орунга 75 миң сом, 4-орунга 50 миң сом ыйгарылды. Аламан ат чабышта баш байгеге коюлган унааны Сокулук районунун Күн-Туу айылынын тургуну, саяпкер Нурбек Арыкбаевдин күлүгү утту.
Көк бөрү боюнча мелдештин жыйынтыгы:
- 1-орун – Аламүдүн району 250 миң сом, кубок, медаль, грамота;
- 2-орун – Жайыл району 125 миң сом, медель, грамота;
- 3-орун – Сокулук району 75 миң сом. медаль, грамота;
- 4-орун – Панфилов району 50 миң сом жана грамоталар.