Бүгүн, 19-октябрда Сокулук районунда унаалардын узакка созулган тыгыны жаралды. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.
Маалыматка караганда, тыгын айдоочулар жол эрежесин сактабагандыктан улам жаралды. Айрым унаалар каршы тилкеге чыгып кетип жатышат. Жеңил унаалар менен катар оор жүк ташуучу унаалар да тыгында турат.