Асфальтка жайылган күрүчтөр: Лейлектеги дыйкандардын күрүчү арзан бааланууда

turmush
Скачать
Просмотров: 249
 
Опубликовано 14 Октября 2019, 17:57

Лейлек районунун Ак-Cуу айыл өкмөтүндө кенже деп аталган сорттогу күрүч жыйналууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Айыл өкмөт башчысы Алимбек Халмуратовдун айтымында, айыл аймакта 500 гектар айдоо жер, 1500 гектар кайрак жер бар. Быйыл 500 гектар жерге кенже сортундагы күрүч эгилген. Айыл өкмөттө 8000 миңге жакын адам жашайт. Ар бир кожолукта орто эсеп менен 20 сотыхтан үлүш жер бар.
Кенже күрүч башка күрүчтөрдөн түшүмдүүлүгү жана даамы менен айырмаланат. Мисалы девзира сортундагы күрүч 1 гектар жерден 2 тоннадан ашык түшүм берсе, кенже сортундагы күрүч 4-5 тоннага чейин түшүм берет.

Ак-Сууда элдин басымдуу бөлүгү дыйканчылык менен алектенет. Быйылкы жылы күрүчтүн баасы 55-60 сомдон болуп, ички базарларда сатылууда. Баа арзан болгондуктан дыйкандардын эмгеги акталбай жатат. 1 гектарга күрүч эгип, оруп-жыйнап түшүмдү тазалоо үчүн кара жумушту эске албаганда жалпысынан 30 миң сомдун тегерегинде акча кетет.