"К.Молдобасановдун 90 жылдыгы!" Ак-Талаада улуу композитордун музыкалары жаңырды.

turmush
Скачать
Просмотров: 260
 
Опубликовано 9 Октября 2019, 17:01

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында композитор К.Молдобасановдун 90 жылдыгы белгиленди. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн 9-октябрь күнү Баетов айылындагы Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинде композитор Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы белгиленип, ага акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, мектеп директору Венера Артыкбаева, мугалимдер жана окуучулар катышты.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө аталган мектептин окуучулары жана мугалимдери фортепиано, аккордеон, чопо чоор жана башка музыкалык аспаптардын коштоосунда композитордун бардык музыкалары жаңырып, ырлары ырдалды.