Ат-Башынын тургуну Бүбүбатма Бердигулова

turmush
Скачать
Просмотров: 1298
 
Опубликовано 30 Сентября 2019, 11:09

Ат-Башы районунун чоң базары ачылгандан бери унаа токтотуучу жай иштеп келет. Мына ушул жерде Ат-Башынын тургуну Бүбүбатма Бердигулова жаш кезинде талбай эмгектенип, ошол маалда 7 баланы​ тарбиялоого жетишкен. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.  
Бүбүбатма Бердигулова 1954-жылы 7-январда Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылында туулган. Тикмечи кесибинин ээси.​ 1973-жылы Нарын шаарындагы №3 бала бакчада ашпозчу, кийин бала багуучу болгон.​
Аталган райондун Ат-Башы айылында​ 10-кварталга 10 жыл кварталдык комитет, 8 жыл электр тармактар ишканасында контролер болгон.​ Учурда пенсияга чыгып,​ жолдошу менен бакубат жашоо өткөрүүдө. Алардын​ ​ 2 кыз, 5 уулу жана 14 небереси бар.​