Улуттук көчмөндөр оюндары: Россиянын элчиси «Альянс Алтын» тиккен боз үйгө келди

turmush
Скачать
Просмотров: 717
 
Опубликовано 21 Сентября 2019, 16:10

«Альянс Алтын» компаниясы Талас шаарында өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарынын негизги демөөрчүсү. Компания иш-чараны уюштуруу жана өткөрүү демилгелерин колдогонун ишкананын басма сөз катчысы Касиет Карачулукова билдирди.

Анын айтымында, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси «Альянс Алтын» ЖЧКсы тарабынан тигилген боз үйгө келди.

«Россия Федерациясынын элчиси Улуттук көчмөндөр оюнуна катышты. Ал Жер үй алтын кенин иштетип жаткан "Альянс Алтын" ЖЧКсы тарабынан тигилген боз үйгө кирди. Бүгүнкү күндө бул компания өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюнунун негизги демөөрчүсү болуп саналат. Компаниянын атынан айтсак, Көчмөндөр оюнунун бардык катышуучуларын жана конокторун колдойбуз.

Бул компанияны кыргыз компаниясы деп эсептейбиз. Себеби Кыргыз Республикасында катталган. Жогоруда болуп жаткан оюндарга, иш-чараларга милдеттүү түрдө активдүүлүгүбүздү көрсөтүп, катышуубуз керек. Уюштуруу жана өткөрүү демилгелерин колдоп, демөөрчү болдук.

Элчи ушундай ири долбоорлордун негизинде кыргыз-орус биргелешкен компанияны өнүктүрүү керек экендигин белгиледи. Биз дагы өзүбүздүн боз үйүбүздү презентацияладык. Мында компаниянын иш-аракеттерин видео слайддар аркылуу көрсөтүлүп, конокторду кош колдоп тосуп алабыз. Конокторго жакшы маанай тартуулап, Талас облусунун экономикасына бир аз болсо дагы салым кошуп кетсек деген ниет менен келдик. Ар кайсы облустардан жана чет өлкөдөн келген коноктор көп экен. Эми Талас облусуна туристтерди тарталы деген чоң максатыбыз бар», - деди ал.