Алайда жоолук салынып мектепке келген окуучунун жоолугун чечтирүүгө аракет кылган директордун видеосу социалдык тармактарда талкууга жем таштады
Алай районунун Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин директору Зина Абдыкадырованын 6-класстагы жоолук салынып келген кыздын жоолугун чечтирүүгө аракет кылып жаткан видеосу социалдык желелерге тарап, колдонуучулар арасында эки ажырым пикирди жараткан.