Баетов айылынын жашоочулары таза суунун тартыштыгына нааразы

turmush
Скачать
Просмотров: 318
 
Опубликовано 12 Сентября 2019, 01:01

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургундары көп жылдардан бери таза суунун тартыштыгына нааразы болуп келишет. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында айылдын күн чыгыш тарабында таза суу дээрлик жокко эсе.

"Өзүм 1954-жылы туулгам. Ошондон бери Баетов айылында жашап келе жатам. Эми бизге таза суу 1958-жылы курулган экен. Курулган жылдан тарта 1990-жылдарга чейин суу чорголордон жакшы эле чыгып, ичип жүрдүк. 1990-жылдардан тарта жер алдындагы таза суу түтүкчүлөрүнүн эскилиги жетип, күнү куру эмес жарылып, 100 гө чукул суу чорголордун көбүнөн суу чыкпай калды. Андан бери бир дагы жолу оңдоо иштери дагы жүргүзгүлгөн эмес. Өзгөчө вйылдын күн чыгыш тарабында таптакыр эле суу жок. Айылдын башында бургулатып чыгарган жалгыз суу бар. Ошондон чака-чайнек, канистр, фляга менен ташып ичебиз. Анысы деле 2 саатка чыгарылат. Саат 12.00 дөн 14.00 гө чейин эле. Жетишсең алып каласың, жетишпесең суусуз каласың. Бизге көңүл деле буруп койгон жан жок", - деди Абдижалил Исаков.

Ал эми Баетов айылдык "Таза суу" ишканасынын жетекчиси Шайырбек Иманкулов таза суу чыгарууга долбоору, алтургай өздүк салымы дагы даяр экендигин айтты.
"Таза суу системасы 1958-жылы курулган. Бирок, бир дагы жолу оңдоодон эмес. Бүгүнкү учурда жашоочулар таза сууга жетпей кыйналууда. Жер алдындагы суу түтүкчүлөр эскирип, күн сайын 4-5 жеринен жарылат. Жогорку бийликтегилер көңүл буруп коюшса. Себеби, таза суунун өздүк салымы даяр. Өздүк салым катары мындан 4-5 жыл мурун жашоочулар каражат чогултуп беришкен. Ал каражатты банкка депозитке салганбыз. 2 млн 400 миң сом өздүк салымыбыз даяр. Андан сырткары таза суу куруу долбоорунун сметалык документтери даярдалып бүткөн. Болгону каражат бөлүп беришсе эле иш башталмак. Эл таза сууна жетпей көрүнгөн жерде чака-чайнегин көтөрүп алып жүрүшөт", - деди Ш. Иманкулов.

Тактап айтканда, аталган айылда 1960-жылы таза суу түтүктөрү курулуп, суу түтүгүнүн узундугу 17,5 чакырымды түзсө, суу чорголордун саны 75 даана болгон. 1991-жылы суу түтүктөрү кайрадан оңдоодон өтүп, ага кошумча дагы 2,5 чакырым түтүктөр кошулса, чорголордун саны 84кө жеткирилген. Андан бери Баетов айылынын таза суусу бир да жолу ондоп-түзөөдөн өтпөй, учурда суу түтүктөрүнүн 20 чакырымы, чорголордун 11 даанасы гана ишке жарамдуу болгону менен эскилиги жетип, өзгөчө кыш мезгилинде түтүктөр жарылып, жергиликтүү тургундар бир нече күнгө чейин таза суусуз калат. Мындан улам алар айылдан бир топ алыс булактардан суу ташып ичүүгө мажбур болушат. Айыл тургундардын айтымында, суунун мындай азабын тарткан жашоочулар арасында ичеги-карын, сарык, бруцеллез оорулары көп катталууда.

Мындан 3-4 жыл мурун «Таза суу» долбоорунун негизинде өздүк салым катары жашоочулар тарабынан 1 млн сом каражат чогултулуп, банкка депозитке өткөрүлгөн. Депозиттин эсебинен 640 миң сом кошулган. Андан бери аталган айылды таза суу менен камсыздоого бийлик тарабынан көңүл бурулбай келет.

2015-жылы мамлекеттик бюджеттен таза суу киргизүү үчүн долбоордук-сметалык документтерде 2 млн 787 миң сом каражат каралып, долборлоо документтери бүткөрүлгөн. Бирок иш алдыга жылбай, айылдын эли бир канча жылдан бери таза сууга муктаж болууда. Өз учурунда бул маселе боюнча жашоочулар тиешелүү жерлерге кайрылууларды бир нече ирет жөнөтүшкөн.