«Жакшы эже тытыштык»: Таластагы ооруканада медайым менен бейтаптын карындашы чачташып урушту

turmush
Скачать
Просмотров: 18305
 
Опубликовано 11 Сентября 2019, 18:15

9-сентябрда Талас облустук Ч.Мамбетов атындагы ооруканада медайым менен ооруканада жаткан адамдын карындашынын ортосунда чыр чыгып, медайым милицияга арыз жазды. Аймактык кабарчы окуянын чоо-жайын такташтырды.

Оорукананын жаракат бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткарып жаткан дарыгер Марат Умаралиевдин айтымында,

«9-сентябрь күнү түшкө маал жаракат бөлүмүндө агасын карап жаткан кыз мага чуркап келди. Ал «бөлүм башчы ким?» деп сурап жүрүптүр. Мен деп жооп берсем «кызыңарга арызданам» деп процедура кылган бөлмөгө чуркап кетти. Бизде процедуралык бөлмөдө иштеген кызды колунан алып «администрацияга барабыз, жүр директорго» деп сүйрөдү. Тиги кыз болбой, барбайм деди. Ошол жерде экөөнүн колдору бири-бирине тийип, катуу сөздөр чыгып, тытышып кетишти. Биздин персонал ажыратышты. Ал медайымдын бизде иштегенине 1 жылдай болду. Кан тамырга укол саят.
Палатанын ичинен кандай сөз болгонун билбейбиз. Биздин медайымга жаман мамиле жасап жатат деп нааразы болушкан экен. Ар кимиси өзүнүн чындыгын айтып жатышат», - деди ал.

Медайым менен чырдашкан Мунара Тотобаева чыр медайымдын анын агасына туура эмес ийне сайгандыгынан улам чыккан.

«Мен бул жакта унаа кырсыктын кийин ооруканага түшкөн агамды карап жатам. Реанимациядан кийин жаракат бөлүмүнө которулган. Агам өзү сүйлүй албайт же кыймылдай албайт. Жанында адам керек болуп, мен 6-сентябрдан бери жанындамын. Дарыгерлер анын сүйлөй албай турганын көрүп жатат. Бул жерде иштеген улук медайым болуп убактылуу иштеп жатыптыр. Процедуралык кабинетте отуруп, кан тамырга сайылчу ийнелерге жооп берет экен. Мен өзүм медайым болуп иштегендиктен бардык кылынуучу процедуралар менен таанышмын. Акемдин кырсыктын улам тиштери бөлүнүп кеткендиктен «шина» салабыз деп тиш дарыгерге даярдап жатканбыз. Ал учурда кан тамырына туташылган вазакандын оозу жабылбай калган экен. Медайымды чакырып келип айтканыбызда үңүрөйүп келип жаап кетти. Андан кийин суроолорго жооп бербей «кыялдарын» көрсөтүп жатты. Бул жерде өлүм менен күрөшүп жатып жылуу гана мамиле күтөт экенсиң. 9-сентябрь күнү ийне сайып жатканда апам «бул эмне ийне? деп сураганда «сиз түшүнбөйсүз» деп койду. Ийнени жасап жаткан кезде агам буту менен диванды тепкилей баштады. Апам мага «сен түшүнөсүң го, карачы» деп айтты. Ийнедеги дары кан тамырга эмес, сыртына теринин алдына кетип жаткан экен. Медайымга «бул сыртына кетип жатат» деп айттым. Ал «өзү сүйлөбөйбү анда» деди. «Сүйлөй албай жатат, көрүп жатпайсыңбы. Анын ордуна мен айтып жатам» дедим. Этикага жатпаган мамиле жасап чыгып кетти. Оорукананын администрациясына барып сүйлөшөлү деп мен бөлүм башчыга бардым. Андан соң ийне сайылуучу бөлмөдөн мен анын колунан күчкө салып сүйрөдүм. Бул жерде жаткан бейтаптарга залакасы болбосун деп ойлодум. Колунан тартсам мени колго чапты. Анан мен чаптым. Ал жакама асылып калды, экөөбүздө салгылашуу башталды. Экөөбүз жакшы эле тытышып калдык. Мен анын мойнунан тытыптырмын. Бирок ал кезде мен өзүм 3 күн уктабай шок абалда болуп, эмоцияга алдырып койдум. Мен аны менен тытышам деп барган эмесмин. Мен ийне сайылуучу бөлмөгө кирбешим керек. Бирок бир тууганым үчүн уктабай, балдарымды карабай ушул жерде жүрөм. Ушул жерде чындыкты айтам деп залака алдым. Бул жакта бир тууганым оор акыбалда жатса өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып бейтапка ушундай мамиле кылып, биздин жүрөгүбүздү оорутуп жатты. Медайым ошол эле күнү ички иштер бөлүмүнө барып, арыз менен кайрылган экен. Анын укугу бар, биздин укук каралбаганы өкүндүрүүдө», - деди ал.

Талас ооблустук биргелешкен ооруканасынын жетекчиси Нурдин Усупбековдун айтымында
«Биздин медайым процедура жасап жаткан чакта бейтаптын жакындары тарабынан сын айтылган го, бул анан ошол нерседен чыккан чатак. Медайымыбыз «ийне сайылуучу бөлмөгө кирип келип, мага кол көтөрдү» деди. Медайымдын дагы денесинде жаракат болгондуктан «укук коргоо бөлүмүнө кайрылыңыз» деп айтканбыз. Бети, мойну тытылып жүргөн болчу. Денесине канчалык залака келгенин дарыгерлер аныкташат. Ал барып ички иштер бөлүмүнө кайрылды», - деди ал.
Медайым менен байланышууга мүмкүн болгон жок.