Фермер А.Мамбеталиев гектарынан 50 тонна жүгөрү силосун даярдоодо

turmush
Скачать
Просмотров: 145
 
Опубликовано 7 Сентября 2019, 10:28

Гектарынан  50 тонна жүгөрү силосун даярдаган  фермер Алтынбек Мамбеталиев Чүй облусунун  Москва районундагы Чоң-Арык айылынын  тургуну. Ал  көп  жылдардан бери  мал жана дыйканчылык чарбаларында  эмгектенип келет. Үстүбүздөгү 2019-жылы 6 гектар  жерге  жүгөрү  өстүрүп,  андан  малга  тоют максатында силос (ачытуу жолу менен  даярдалган  тоют) даярдоодо. Бул  багыттагы иштери тууралуу  фермер  А.Мамбеталиев аймактык   кабарчыга  маалымдады.

Анын  айтымында, жаз алды менен  6 га айдоо аянтына жүгөрүнүн  Ала- Тоо  сортун өстүргөн. Учурда  ар  бир  гектарынан  50 тоннага жакын жүгөрү силосун даярдоодо.

«Менин  мал  жана  дыйканчылык эмгегим  ата  кесибим. Атам ырамаатылык  Жумабай  жаштайымдан эмгекке тарбиялап,   мал багуунун  сырларын үйрөткөн. Ал өз кезегинде легендарлуу  парламенттин депутаты да  болгон.  Өмүрү  кыска  экен. Биз  жетиле электе көзү  өтүп  кетти. Бардык  чарба  жумуштары балдарында  калды. Анын  кесибин  улап  мал  багам. Чарбамда  кой, уй, жылкы  жана башкалар бар.  Жайында  жайлоодо, кышында  өз  сарайымда  малдарды  кармайм. Албетте, мал  багуу  үчүн  тоют  маселеси негизги  орунду ээлейт. Ошондон  улам  быйыл 6 гектар жерге  жүгөрүнүн  Ала-Тоо сортун өстүрдүм.  Учурда басымдуу  бөлүгү  өз  чарбама таандык  техникалар  менен  оруп-жыйноо жумуштарын  жүргүзүүдөмүн. Агротехникалык  эрежелерди так  колдонуу  түшүмдүүлүктү  арттырат эмеспи. Өз  мезгилинде жүгөрүнүн түбүн  жумшартып, суу  менен  камсыздадык. Эми  таңдан-кечке эгин  талаасында  түшүм  жыйноодобуз. Кудай  буюрса, түшүм  мол. Ар гектарынан  50 тонна жүгөрү силосун  даярдап  жатам. Ошондо  6 га жеримден  300  тонна  силос  тоюту  даярдалат.

Мындан   сырткары  чөптөн  түктөрүм  да  бар. Негизи  кышка  камылга  жүрүүдө.
 Мындай  иштерди  аткарууда  жалгыз  менин  колумдан  келбейт. Айылдык  жаштарды  жумуш оруну  менен  камсыз  кылгам. Кадимкидей  эле  айлык маянасын  алышып, үй-бүлөсүн  багып  келишет. Ал  эми  алардын  иштөөсү  үчүн толук  шарттар түзүлүп,  техникалык коопсуздук  эрежелери да  колго  алынган», - деди  фермер.