Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов - Кош-Дөбө унаа жолунун начардыгына нааразы болгон 6 айылдын тургундары райадминистрациянын алдында тынчтык митингке чыгышкандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн 5-сентябрь күнү Баетов - Кош-Дөбө унаа жолунун начардыгына нааразы болгон Кош-Дөбө, Жерге-Тал, Чолок-Кайың, Коңорчок, Кара-Бүргөн жана Ак-Чий айылынын жергиликтүү тургундары саат 10.30 да райондук мамлекеттик администрациянын алдына аталган жолго асфальт басып берүү жана жакынкы аралыкта Кыргыз Ремпубликасынын Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевди менен транспорт жана жол министрин келип элге жолугушуусун талап кылышты. Тынчтык митингине чыккандарга район акими Нурбек Молдокадыров менен райондук жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Тынычбек Абдылдабеков жолугушту.
Митингке чыккандар аталган таштак жолдон чаң чыгып, чаңдан улам унаалар кагышып адам өлүмдөрү, жол кырсыктары болуп жаткандыгын, ооруган адамдарды ооруканага жеткирүү кыйынчылык туудураарын, унаалар бузулуп чышым тартып жатышкандыктарын, жолдун клптөгөн жерлери чөгүп кеткендигин, жолдун чаңынан улам адамдар ооруга чалдыгып жатышкандыгын билдирип өтүштү.
Андан сырткары, Кош-Дөбө айылынын Ала-Буга суусундагы чоң көпүрө кулап калуу коркунучунда тургандыгын, Кара-Бүргөн айылындагы Жаман-Даван суусундагы чоң көпүрөнүн алдыңкы бөлүгү түшүп калгандыгын, ошондой эле Ак-Чий пйылындагы Мыкаачы-Суу суусундагы көпүрө селден улам кыйрап, жолдун алабы тар болуп калгандыгын, бул көпүрөлөрдү оңдоп берүүлөрүн талап кылышты.
Мындан тышкары, премьер-министр менен жол, транспөрт жана коммуникация министри келип, начар абалдагы 90 чакырым жол аркылуу Кош-Дөбө айылына келип элдин көйгөйүн угуп, аталган жолго асфальт төшөп берүү боюнча жооп берүүлөрүн суранышты.
Бул боюнча район акими Н. Молдокадыров ушул келээрки дүйшөмбү күнү Өкмөт башчыга жана жол, траспорт жана коммуникация министрлигине барып, көйгөй боюнча айтылган талаптарын билдирип, андан соң элдерге жооп кылаарын айтты.
Акимдин жообун уккан митингке сыккандар 2 сааттан ашык убакыттан соң тарап кетишти.