«Мендей уул таппайсыз апа»: Өмүрдөн эрте кеткен футболчу И.Иманбековдун элесине сүртүмдөр

turmush
Скачать
Просмотров: 10684
 
Опубликовано 29 Августа 2019, 17:54

22-августта Суусамырдагы унаа кырсыктан каза болгон 22 жаштагы футболчу Ильич Иманбековдун апасынын аймактык кабарчы кабар алды.

Футболчунун апасы Багым Кыдыралиеванын айтымында, балдарын жалгыз чоңойткон.

«Уулум мүнөзү жайдары, карамдуу болчу. Мени аябай жакшы көрчү. «Мендей уул таппайсыз апа» деп күлүп калар эле.

Ильич 1997-жылы 13-майда Талас районуну Козучак айылында туулган. Бекболсун деген агасы, Нурзат аттуу эжеси Ильгиз аттуу иниси бар. Ильич 2 айлык кезинде эле биринчи жолдошум менен ажырашып кеттик. Мен ата ордуна ата, эне ордуна эне болуп, колумдан келген күчүмдү жумшап чоңойттум. Талас шаарында жашадык. Бала бакчага барды. 2004-жылы Талас шаарындагы №1 орто мектепке кирди. Ал жакта 7-класска чейин окуп, андан соң Бишкек шаарында спорт мектебине тапшырган. Ал учурда баламдын спортко болгон кызыгуусун көрүп, аракет кылып түндөп автобус менен алып барганым эсимде. Ал жакта кабыл алынды дегенде, балам чоң институтка өткүндөй сүйүнгөн. Аны көрүп өтө бактылуу болгом. Ал жакты аяктаган соң 2,5 жылдык футбол курсун окуп бүткөн. Ар бир оюнга барарда дайыма «апа мага дуа кылып коюңузчу» деп кат жазып турчу. «Мен стадионго бара жатам, стадиондон чыктым» деп жазып турчу эле. Акыркы жолу WhatsApp аркылуу «Утулуунун даамын сезбеген адам ,эч качан утуштун даамын билбейт»деп кат жазган. Өзү чоң футболдо жүрүп, чет жактарга чыгам деп тилек кылчу», - деди ал.