Кадамжайдын Кара-Дөбө айылында 4 жылдан бери курулуш материалдарын чыгарган ишкана иштеп жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 104
 
Опубликовано 8 Августа 2019, 15:41

Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылында 4 жылдан бери курулуш материалдарын чыгарган ишкана иштеп жатат. Аймактык кабарчы ишкананын иши менен таанышты.

Ишкананын жетекчиси Дилшод Юнусовдун айтымында, бул жердеги өндүрүшкө 19 млн сом каражат сарптаган. Бүгүнкү күндө бул жерде 60тан ашык жумушчу иштеп, 18 миң сомдон 40 миң сомго чейин маяна алышат. 2,5 гектар аянттагы ишканада күнүнө 10 миңге чейин пескоблок, 40 даанага чейин темир-бетон мамылар чыгарылат. Пескоблоктун бир даанасы 20 сомдон 35 сомго чейин сатылат. Керектүү цемент Кызыл-Кыядан алынып келинет. Чыгарылган курулуш материалдары Баткен жана Ош облустарында сатылат.