Таласта токко урунуп, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн электриктин жакындары инженерди айыптап чыгышты

-
Категория
1-августта Манас райондук электр тармактар ишканасында электрик болуп иштеген 34 жаштагы Кайрат Салимбаев иш учурунда токко урунуп, Манас райондук биргелешкен ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын апасы Айнагүл Курманалиева билдирди.
Анын айтымында, уулунун мындай кырсыкка кабылышына баласынын жетекчиси күнөөлүү. Себеби ал баласын электр мамысына «ток жок» деп жатып чыгарган.
«Уулум Манас районунун Покровка айыл өкмөтүнүн Жайылган айылында туулган. 6 жылдан бери ушул райондогу электр тармагында электрик (монтер) болуп иштейт. 1-август күнү эртең менен саат 7:30да уулум үйдөн жумушка кеткен. Саат 9:00 чамасында эле өзү менен иштеген балдар келиниме чалып, «Кайрат токко урунуп ооруканада. Кийимин алып келгиле» деп чалышты. Биз ооруканага барсак жандандыруу бөлүмүндө экен. Акыбалы өтө оор, колдору өзүнөн-өзү секирип, токтото албай жатышыптыр. Ал жерде электр мамыга «зымда ток жок» деп башкы инженер К.З. чыгарган экен. «Чык эле чык» деп башкы инженери жаман сөздөр менен сөгүп үстүнө өзү чыгарган видеосу бар. Ал жерде «ток жок» деп кол коюлган кагазы болгон. Балам токко урунуп калган кезде 300 метр нары жакта иштеп жаткан балдар келип, карагайдан башынан түшүрүшүптүр. Башкы инженери болсо жанына келип койбоптур. Ошол жердеги коңшу жашаган киши унаасы менен ооруканага алып кеткен экен.
Башкы инженер менен баламдын ортосундагы чатак 1 жылдан бери келе жатат. Былтыр ушул кезде ал киши диспетчердик бөлүмдө олтурат. Кайрат кагазга кол койдурам деп кирсе «барчы эй сарт, ала чапан» деп жана башка ушундай сөздөрдү айтыптыр. Балас менен «оозуңузга караңыз» деп көтөрүп чапкан экен. Анан ошондон тарта ызы-чуу болду. Биз атасы экөөбүз кеңешип, тынч иштей берсин деп, уулубузга айтпай эле ал кишинин үйүнө кечирим сурап барганбыз. Кечирет деп барганбызда тескерисинче бизге «менин колум узун, балаңдын түбүнө жетем» деп кетирген. Кечээ да оорукананын алдында турсак кесиптештери ушул күнгө чейин Кайраттын бетине «сенин ата-энең мага жалдырап келген деп айтат» деп айтышты.
Учурда уулубуз эс-учуна келип, бетиндеги шишиги бир аз тарап калды. Бирок колу бир калыпта болбой, дене-башы ооруп жатканын айтууда. Кайраттын жубайы жана уулу бар», - деди апасы.
Токко урунуп калган кезде жанында болгон кесиптештеринин айтымында, инженер ооруканага да келген жок.
«Биз иштеп баштаганда 300 метр өйдө жакта биздин башка топ иштеп жатыптыр. Биздин арабыздагы бир бала «ал жерде ток бар» деп айтып калды. Биз ток бар экенин кабарлайлы деп чуркап бардык. Биз чуркап барсак кеч болуп калып, Кайрат Салимбаев токко урунуп калыптыр. Карагайдын үстүнө чыгып, жерге түшүрдүк. Башкы инженерибиз К.З. жаныбызга келген да жок. Ооруканага да келбеди. «Бул трансформатордон өчүргүлө» деген нерсе көрсөтүлгөн эмес. Бул кесиптешибиз техникалык коопсуздукту жакшы билгени үчүн гана аман калды», - деди алар.
Талас облустук «Түндүк электр» ишканасынын жетекчиси Акылбек Рыспековдун айтымында, учурда атайын комиссия түзүлүп, окуяны иликтеп жатат.
«Бул кырсык боюнча учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Атайын комиссиялык топ түзүлгөн. Алардын жыйынтыгынын негизинде гана толук маалымат беребиз. Башкы инженер К.З. учурда убактылуу иштен четтетилди», - деди ал.
Инженер К.З.нын өзүнөн бул маселе боюнча пикирин угууга мүмкүн болгон жок.