Кадамжай районунда мал уурулуктун бети ачылып, кылмышка шектелген 4 жигит кармалды.
Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Галерея: Кадамжайда букаларды уурдуп, Ошко алып барып сатууга шектелген 4 жигит кармалды
Маалым болгондой, Кадамжай районунун Марказ айылынын 59 жаштагы тургуну М.А. милицияга арыз менен кайрылган. Арл 31-июлдан 1-августуна караган түнү үйүндөгү мал сарайынан 45 миң сомдук букасын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген. Бул факты боюнча ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 4 адам кармалды.
Кылмышка шектелгендер башка жерлерден дашы 4 бука уурдап, Ош жана Өзгөн шаарларына алып барып сатып жиберишкен. Ал кылмыштардын бети ачылып, уурдалган мал Ош жана Өзгөндөн кайтарылып алынып келинди. Кармалган жигиттердин башка кылмыштарга да тиешеси бар болушу мүмкүн экендигинен улам учурда кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат.