Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылынын 11 жаштагы тургуну Уларбек Токтобеков

turmush
Скачать
Просмотров: 9813
 
Опубликовано 30 Июля 2019, 15:43

Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылынын 11 жаштагы тургуну Уларбек Токтобеков 3 жашынан бери сүрөт тартып келет. Анын эки колунун айрым манжалары өспөй калган. Учурда жаш талант 2 манжасы менен гана сүрөт тартып, жакындарын кубандырып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
Өзүнүн айтымында, алгач мектеп босогосун аттаганда классташтарынан колунан уялган.
«Мен 3 жашымда эле сүрөт тарта баштадым. Ошол кезде бала бакчага барчумун. Көп учурда жаратылышты жана гүлдүн түрүн тартып, аларды апама, таенеме жана жакындарыма белекке берүүдөмүн. Мектепте классташтарым дагы мага «сүрөттү жакшы тартасын» деп көп тарттырып кетишет. Менин 2 манжам гана кыймылдайт. Тоскоолдуктар деле жаралбайт. Сүрөт тартуудан чарчаганда эшикке чыгып, эс алып келем. Ушул күнгө чейин тарткан сүрөттөрүмдүн бардыгын катып, кийин балдарыма көрсөткүм келет. Мындан тышкары компьютер жана менталдык арифметикага кызыгам. Мектептеги концерттик иш-чараларда «Манас» эпосунан үзүндү айтам жана ырдайм. Келечекте Сүймөнкул Чокморовдой атактуу сүрөтчү болгум келет.
Жаңы мектепке барганда классташтарымды көрүп, «менин колум эмнеге мындай?» деп ыйлачумун. Бирок азыр антпейм. Анткени досторум мага жакшы мамиле жасап, кышында кийим кийүүдө жардамдашып, мени менен чогуу ойношот», - деди ал.