Жерүй кениндеги калдыктарды сактоочу жайга геомембраналык материал төшөлүп жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 520
 
Опубликовано 22 Июля 2019, 12:19

Талас облусундагы Жерүй кениндеги алтын өндүрүүчү фабриканын курулушу кызуу жүрүп жатат.

Ишкананын өкүлдөрүнүн айтымында, фабриканын комплексинде 15тен ашык курулуш бар. Алардын катарында ар кандай складдар, металлды ээритүүчү, калдыктарды сактоочу, суу бөлүштүрүүчү жайлар, насостук станциялар, электр тогу менен камсыздоочу станциялар, көзөмөл-өткөрмө пункттар салынып жатат. Башкы ортомчу (подрядчик) катары «ТОО ААЕngineering Group» курулуш ишканасы иш алып барууда. Процесске «Баден Сервис», «Электросила», «Мехколонна КЭСС» ЖЧКлары да катышып жатат. Курулуштарда алтыдан ашык ишкана иштеп жатат. Жумушчулардын 95% Кыргызстандын жарандары. Алардын ичинен 44% Талас облусунун өкүлдөрү болуп саналат. Курулуш үчүн 63 даана курулуш техникасы тартылган.
Галерея: Жерүй кениндеги калдыктарды сактоочу жайга геомембраналык материал төшөлүп жатат. Видео

Курулуштун жүрүшүн Кыргызстандагы ушул сыяктуу объекттердин курулуштарында иштеп тажрыйбалуу болгон, жогорку квалификациялуу адистерден турган топ көзөмөлдөйт. Курулуш иштери Талас облустук мамлекеттик архитектура жана башка түзүмдөр менен бекитилген долбоордук документацияга ылайык жүргүзүлүүдө. Долбоордук документация экологиялык экспертизадан, өндүрүштүк коопсуздук экспертизасынан, өрткө каршы күрөшүү экспертизасынан жана Мамкурулуштун экспертизасынан өткөн. Комплекстин курулушунун бюджети 272,9 млн долларды түзөт. Инвестициялардын жалпы көлөмү 596,3 млн доллар.

18-июль күнү Жерүйгө жакын аймакта жайгашкан Талас районунун Бекмолдо айыл аймагынын депутаттарынан турган топ, кендеги калдыктарды сактоочу жайга геомембраналык материалды төшөө иштери менен таанышып чыгышты. Депутаттар толук маалымат алып, ал маалыматты айыл элине айтып, коопсуздук боюнча суроолоруна жооп берип жатат.

Аталган компаниянын башкы инженери Айзада Мамбеткул кызынын айтымында, калдыктарды сактоочу жайга жогорку сапаттагы материалдар төшөлүүдө. Россиядан алынып келинген геотекстиль жана Австриядан келген геомембрана колдонулууда.

«Бизде бул калдык сактоочу жайдагы өзгөчөлүк — кургак калдыктар сактала турганы үчүн геотекстиль төшөлөт. Биз бул жерге 4 этаптан турган коргоо кылдык. Биринчи 50 см топурак төшөлөт. Анын үтүнө геотекстиль капталат. Геотекстилдин үстүнө геомембрана төшөлөт. Геомембрананын үстүнө кайрадан геотекстиль каптап, андан соң кайра топурак менен төшөлөт. Астындагы төшөлгөн топурак менен үстүнкү кабаттагы топурак гоетекстилди таш тешип кетпеши үчүн коопсуздук чарасы катары төшөлгөн болсо, геотекстиль дагы геомембрананын астынан жана үстүнөн жыртылып кетүү коркунучун алдын алуу үчүн төшөлүүдө», - деди ал.

Компаниянын башкы технологу Нурлан Мамырбаев калдык сактагыч жайдын курулушу менен тааныштырып, кен экологиялык коопсуздук үчүн жаңы технологиялар менен жабдылып жатканын билдирди.

«Албетте билбеген, түшүнбөгөн нерселер ар дайым ар бирибизде эле коркунуч, кооптонууларды жаратат. Баса белгилей кетчү нерсе бул завод жана калдыктарды сактоочу жайдын коопсуздук чаралары европалык жана дүйнөлүк стандарттарга ылайык эң жогорку деңгээлде иштелип чыккан. Курулуш этабы менен жеринен көргөзүп тааныштырып жатабыз», - деди ал.

КРнын өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Талас облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Болот Кадырбековдун айтымында, Жерүй алтын кенин иштетүүчү «Альянс Алтын» ЖЧКсы тарабынан долбоор иштелип чыгып, мамлекеттик агенттиктен экологиялык экспертизадан өткөн.

«Оң корутунду алынган. Ал жерде барган максатыбыз элге алтын иштетүүчү заводдун жана калдыктарды иштетүүчү жайлардын курулушу этабы менен тааныштырып, маалымат берүү болчу», - деди ал.

«Альянс Алтын» компаниясынын башкы директору Михаил Шубин кендин орду кийин дагы коопсуз жай бойдон каларын айтты.

«Бүгүн биз жергиликтүү айылдык кеңештин депутаттарын, Талас районунун акимин, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн, жергиликтүү массалык маалымат каражаттарын чакырып олтурабыз. Иш-чаранын максаты — калдык сактоочу жайда жасалып жаткан курулушту көрсөтүү. Адистерибиз берилген суроолорго жооп беришти. Калдык сактоочу жайга атайы геомембрана материал төшөлүүдө.

Адистердин айтымында ал 200 жылга чыдамдуу материал. Бул жерде кендин орду кийин дагы коопсуз жай бойдон калат. Учурда бул ишти башкы ортомчу (подрядчик) катары «ТОО ААЕngineering Group» курулуш ишканасы алып барууда», - деди ал.

«Альянс Алтын» алтын бөлүп алуучу фабриканын өз убагында ишке берилиши үчүн максималдуу аракеттерди көрөт. Бүгүнкү күндө аталган фабриканын 50% аяктап калды. Жерүй миңдеген жумуш орундарын түзөт. Жергиликтүү тургундар профессионалдуу даярдыктан өтүшөт. Долбоор көптөгөн ортомчу (подрядчик) уюмдар үчүн кызматташууга мүмкүнчүлүк берди.