Кочкор районундагы Сары-Булак айыл аймагына караштуу Кызыл-Таш жайлоосунда кымыз фестивалы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.
Белгилүү болгондой, Сары-булак айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылынан 7 чакырым алыстыктагы Кызыл-таш жайлоосунда кымыз фестивалы өтүп, Кочкор районунун бардык айылдары келип катышты. Кызыл-таш жайлоосундагы Май-Төр конушундагы кырда кыркалай аппак боз үйлөр тигилип, көчмөн турмушту чагылдырган Кыргыз элинин улуу көчү көрсөтүлдү.