Азия чемпиону болгон балбан Үзүр Жусупбековду айылдаштары ат мингизип тосуп алышты

turmush
Скачать
Просмотров: 3137
 
Опубликовано 5 Мая 2019, 16:35

Бүгүн, 5-майда Талас районунун Жоон-Арык айылында грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону болгон Үзүр Жузупбековду айылдаштары ат мингизип тосуп алышты. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну Максат Кутманалиев билдирди.

Анын айтымында, балбан 97 кг чейинкилер арасында күч сынашты.

«Айылдын 1999-жылкы балдарынан баштап, 1966-жылкы байкелерибизге чейин биригип каражат топтоп, айылыбыздан чыккан балбан Үзүр Жусупбековду ат мингизип тосуп алдык», - деди ал.

Үзүр Жузупбеков Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбековдун уулу.