Бишкектеги №28 кесиптик лицейдин жамааты спорттук мелдеште 1-орунга чыкты

turmush
Скачать
Просмотров: 236
 
Опубликовано 25 Апреля 2019, 15:25

Бишкектеги №37 кесиптик лицейинде кесиптик-техникалык билим берүү мекемелеринин 25-юбилейлик спартакиадасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй облусунун Москва районундагы №28 кесиптик лицейдин директору Сагынбек Чагарбаев аймактык кабарчыга айтып берди.

«№37 кесиптик лицейдеги 25 жылдык мааракеге арналган спартакиадада биздин окуу жайыбыз өзгөчө активдүүлүгүн көрсөтө алды. Анда спорттун волейбол, футбол, теннис, улуттук ордо жана тогуз коргоол түрлөрү боюнча беттешүүлөр өтүлдү. Мелдештин жыйынтыгында байгелүү орундарга жетиштик. Ал эми жалпы командалык эсепте 1-орунду багындырдык. Бул биз үчүн өтө жогорку сыймык. Анткени кесиптик лицейибиздин тарыхында алтын тамгалар менен жазылып кала берет. Спартакиаданын кубогун 3-жолу жеңип отурабыз. Эми кубок биздин окуу жайда биротоло калды», - деди ал.