Бүгүн, 25-апрелде түндө Талас районунун Талды-Булак айылында кар жаады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, кардын калыңдыгы 10-15 см жетет. Айылда эч кандай күтүүсүз нерселер болгон жок. Эл малын жайытка чыгарган жок. Мектеп өз калыбында иштеп жатат.