Күтүүсүз кырсык, таштап кетпеген жубай, кумурскалар: «Жанымда периштелер коргоп жүрөт». Азаматтын каармандыгы

-
Категория
Ысык-Ата районунун 31 жаштагы тургуну Азамат Черикчиев кырсыкка туш болуп моюн омурткасы сынып майып арабасында отуруп калса да өзүн таштап салбай алдыга умтулуп жашап жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Күтүүсүз кырсык
Жумуш жасап жатып «КамАЗдын» чиркегичинен башым менен кулап түшкөм. Моюн омурткам сынган. Биринчи операция туура эмес жасалып калган. 7 айдан кийин атам чоң унаабызды сатып кайрадан Түркияда операция кылдырган. Ошондон бери келинчегим карап келе жатат.
Ден соолуктун начарлашы
Башында катетер турганда көп ооручумун. Температура болуп, баш айланып кан басымым түшүп отура албай кыйналдым. Казахстанда болдум, саат 9:00дон баштап 17:00 чейин машыгып, чарчабай жүрдүм. Башында жатып 10-12 саат машыкчумун. Туугандарымдын жана досторумдун жардамы менен арабага отуруп, жаңыдан баарын үйрөнүп келе жатам. Азыр ден соолугум жакшы. Отурам, турам, протез менен бир аз басам.
Жашоодо жакшы адамдар бар
Дарыгерим Али Гаджиевич мага көп жардам берди. Туура тамактануунун жолдорун, дарыларды жазып берген. Ал 3 жылдан бери бекер дарылап, акча алган жок. Медер Мирпазылович деген реабилитолог 1,6 жыл каякка барбасам барып, ийне сайып, массаж кылып жүрдү. Генрих аттуу немец бизге бекер араба таратып турат. Бажыдан да өзү төлөп өткөрөт.
Жубайым таштап кеткен жок
Мага депрессиядан чыгууга келинчегим, ата-энем, кайын ата, кайын энем жана туугандарым жардам беришет. Кыйынчылыктар көп болду. Өзүмдүн үйүм жок болуп кыйналдык. Кээде акча тартыш болуп калат. Бирок эң чоң кыйынчылык билбестиктен өзүбүз сурап жүрүп башка мамлекеттин дарыгерлеринен дарыларды буйрутма менен алып жүргөнүбүз болду. Негизи ооруп жаткан адам өзүн кыйнайт экен. Кээде үйдөгүлөргө «мен үчүн кыйналып жүрөсүңөр» деп кыйкырып алам. Жаман көрүп же жаман кыласың деп эмес, өзүм кыла албайм деп жаным кейийт.
Азыр келинчегим иштеп калды. Жумушу юрист жана коммерция багытында. Үйдө баары жардам бергенге даяр. Келинчегим менен жаракат ала электе эле үйлөнгөм. Учурда Түркиядан протез жасап беришкен. Ошол протез жана чыгырык менен баса алам. Кичинекей балдар менен оюнчук ойнойм. Анткени колдорум ойноп, көп кыймылдатуудан улам иштеп баштаган. Себеби мурда колумду көтөрүүдөн башка эч нерсе кыла алчу эмесмин. Кээде «Менден да жаман болгондор бар. Туугандарым, келинчегим таштап кеткен жок. Артка жол жок, алдыга жылыш керек» деп ойлонуп депрессиядан чыгам. Азыр өзүм отуруп туруп машыгып калдым. Кээде жөрмөлөп калам.
Кошуналарым калтырбай жардам беришет. Бир жолу келинчегим ооруп жатып калган. Ошондо кошунам тамак жасап, үй жыйнап, менин машыгуума жардам берип турду. Досторум ар дайым жардам берип келишет. Баарына ыраазымын. Кандай кыйын күндөр өтсө да жанымда периштелер коргоп жүрөт. Азырынча энем, бир туугандарым карайт. Келинчегим жумуштан келгенде экөөбүз сейилдеп кино, кафеге барабыз. Дос балдар менен жолугабыз. Сүйлөшүп, жаңылыктардан бөлүшүп турабыз.
Түркияда жардам берген үй-бүлө
Түркияга барганда аялым менен 6 км алыстагы кафеге бардык. Артка келе жатып арабанын бир дөңгөлөгү түшүп калды. 6 км жолду 3 дөңгөлөктүү араба менен басып үйгө келгенибиз эсимде. Түркияда бизге бир түрк үй-бүлө жардам берди. Үйүнө кабыл алып, дарыгерлер менен сүйлөшүп берди. Үйгө келе жатканда кинодогудай болуп учакка кечигип кала жаздаганбыз. Бир кароолчу жардам берип, чуркап барык учакты токтотуп араң жетишкенбиз.
Кумурска багуу
Бош убактымда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген достор менен кезигип турам. Машыгам, эшике чыгам. Өзгөчө хобби менен алектенем. Ал кумурскалардын фермасы. Бул нерсе менен алектенгениме 1 жыл болду. Кумурскалардын үйүн атайын гипстен жасадым. Бардык нерсени жешет. Жазында ханышалары көп чыгышат. Көбүнчө суук жана ысыкта өлүшөт. Азыр ушул нерсеге көп ата-энелер кызыгып балдарына алып берип жатышат. Карап отурсам абдан ынтымактуу болушат. Бири дарыгер, бири ишкер, калгандары аскерлер, айтор баары бар. Адам канча аракет кылат, мынчалык социалдаша боло албайт. Ошондуктан булар менен алек болуп, кээде карап отуруу жагат.
Балалуу болсок экен дейм
Келечекте максатым бутума туруп калсам биринчи тоого чыгам. Балалуу болсок, үй-жайлуу болуп калсак эле бакыт бизге. Реабилитациялык борбор ачкым келет. Анткени көбүнчө адамдар башында эмне кылыш керектигин билбей кыйналышат.
Азамат мырза үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.