Бүгүн, 5-апрелде эртең менен саат 7:00 чамасында Лейлек районунун Ак-Суу айыл өкмөтүндө сел жүрдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айыл өкмөт башчысы Алимбек Халмуратов билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен эрте 10 мүнөткө жакын катуу жамгыр жааган. Анын кесепетинен сайлардан сел кетип, Ак-Суу айылы менен Жеңиш айылын бириктирген жолду каптап, унаа каттамы токтоп калды.
Ошондой эле Лейлек районунун Катраң айылында да сел жүрүп, 1 уй, 2 тайды агызып кетти. 650 метр ички жолдорго, арыктарга зыян келтирди.