Баткендеги миллионер чабан: О.Ноомановдун кол алдындагы жумушчулар айына 40 миң сомго чейин айлык алышат

turmush
Скачать
Просмотров: 7081
 
Опубликовано 27 Марта 2019, 15:39

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 41 жаштагы тургуну Олимжон Нооманов гиссар породасындагы койлорду багып быйыл алардын саны 500го жетти. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы анын чарбасы менен таанышты.

«Умит» атындагы асыл тукум мал чарбаны өздөштүргөнбүзгө 15 жылдан ашты. Атам Закиржон Нооманов кыргыз Боркош ата менен жакын дос болчу. Ал досу «Закир мал кыл. Мен сага 30 гиссар кой берейин» деп айтып кой берген экен. Ошол мал көбөйсүн деп үмүт кылып чарбанын атын «Умид» койгон», - деди ал.

Олимжон Ноомановтун апасы Латифа Хожиматова үйдөн эт үзүлбөй тургандыгын кошумчалады.

«Жолдошум 2018-жылдын ноябрь айында каза болду. Мал чарбасын ошол киши досунан 30 кой алып түптөгөн эле. кудайга шүгүр мал көбөйүп калды. Мен 2 келиним менен үйдө эле үй иштерин кылып отурабыз. Бизде эт үзүлбөйт. Түгөнсө эле бир мал союп турабыз», - деди Латифа апа.

Койлорду 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин сатышат. Мамлекеттен 5 жылга 13,5 гектар жерди ижарага алышкан. Келечекте гиссар койлордун асылдуулугун жогорулатып, алардын санын 1000ге жеткирүүнү пландап жатышат. Гиссар койдун эти даамдуу. Төлдү жакшы берип, тубар койлор козуларын жакшы карайт. Мисалы 100 койдон жылына 100 козу алынат. Кышында койлор үчүн 34 тонна чөп кетет. Койлор жаз алды менен ар кандай илдеттерге, ичтеги курттарга каршы эмделди. 500 баш койду дарылоо үчүн 8000 миң сомдун тегерегинде акча кетти. Олимжан Ноомановдун чарбасында Абиш Темирбаев менен Сапар Колдошов итеп 4 жылдан бери кой кайтарып иштеп жатат. Алар ар бир койду 100 сомдон кайтарышат. Тактап айтканда 1 айда ортодо 35-40 миң сом айлык акы алышат. Бул үй-бүлөдөгү аялдар үй иштери менен гана алектенип, киреше бир гана мал чарбасынан келип турат. Бул мал чарба кайрымдуулук иштерди да жасап келет. Аз камсыз үй-бүлөлөргө кой, акча кылып берип турушат.

Олимжан Нооманов 4 кыздын атасы.