Сокулукта ат оюндарынын жеңүүчүлөрү аныкталды

turmush
Скачать
Просмотров: 37
 
Опубликовано 21 Марта 2019, 13:19

Чүй облусунун Сокулук районундагы Белек айылынын ат майданында улуттук ат оюндары уюштурулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ат оюндары кунан чабыш, тай чабыш, аламан жарыш жана көк бөрү менен коштолду.
Кунан чабыш мелдешинде жалпы 13 тулпар жарышка түшүп, 1-орунду Ысык-Ата районунан келген Чыңгыз Ишеналиев Балтика аттуу тулпары менен 1-орунду жеңип, 20 миң сом байгеге ээ болду. Ал эми 2-орунду Сокулуктун Жал айылынан келген Рыскул Дыйканалиев Рамзис тулпары менен жеңип, 12 миң сом менен сыйланды. Чоң-Далы айылынан келген Ногойбай Самтыров Кундуз аттуу тулпары менен 3-орунду багындырып, 8 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду.

Ал эми тай чабыш мелдешине 12 тулпар түшүп, анда 1-орунду Сокулуктун Шалта айылынан келген Ишен Джумашев Лотос аттуу тулпары менен жеңип, 10 миң сом сыйлык алса, 2-орунду Сокулуктун Жал айылынан келген Жолой Бейшенов Саякат тулпары менен жеңип, 7000 сомго ээ болду. Ал эми 3-орунду болсо Карасакал айылынан келген Азат аттуу саяпкер Лазер күлүгү менен утуп, 5000 сом акчалай сыйлыкка ээ болду.

Аламан жарышка жалпысынан 16 тулпар катышты. 1-орунду Кызыл-Билек айылнан келген Адилет Бекбоев Мим тулпары менен жеңип, 27 000 сомго ээ болсо, 2-орунду Аламүдүндөн «Ветка» чарбасынан келген Торубул тулпары жеңип, ээси 15 миң сом менен сыйланды. 3-орунду Сокулуктун Орок айылынан келген Рамзан Мирзаев Измирь тулпары менен жеңип, 12 000 сом, 4-орунду Шалта айылынан келген Арабек Сыдыгалиев жеңип, 6 миң сом, 5-орунду Бербулак айылынан келген Эсен уулу Кубаныч Орлик аттуу тулпары менен жеңип, 3,700 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Ал эми Сокулукта акыркы эки айдан бери өткөрүлүп жаткан көк бөрү оюнунун 5-этабы, тактап айтканда финалдык беттеши орун алды. Анда 1-орунду Военно-Антоновка айылынан куралган команда жеңип, кубок, медаль, диплом жана 17 миң сом акчалай сыйлык менен, 2-орунду Кызыл-Туу айылынын командасы жеңип, медаль, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышса, 3-орунду Биринчи май айылынын командасы жеңип, медаль, диплом жана 8 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.