Кыргыз-тажик чек арадасындагы Лейлек районунун Интернационал айылындагы көпүрө 3 жылдан бери оңдолбой турат. Бул тууралуу айылдыктар билдиришти.
Айылдыктардын айтымында, аталган көпүрөдөн 2 унаа өтө албайт. Жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнө кооптуулук жаралууда.
«Бул жол аркылуу Интернационал айылынын эли Тажикстандын Овчикалача айылына киришет. Ал эми тажиктер бизге келишет. Биздин соодабыз, базарыбыз бир. Азыр каттам кыйындап калды. Элдин жүрүшүнө кооптуу. Каналга түшүп кетүү коркунучу бар. Тосмолор дагы жок. Көпүрөнү 3 жыл мурда чоң унаа өтүп жатып бузуп кеткен. Ошондон бери оңдолбой турат», - деди жергиликтүүлөрдүн бири Садирбек Атакулов.
Интернационал айылынын башчысы Мурзабек Жумабаевдин айтымында, көпүрөнү оңдолушун жогору жактагылар сүйлөшүп чечип берсе жакшы болмок.
«Канал тажиктердики. Сууну тажиктер пайдаланышат. Жер биздики, Кыргызстанга карайт. Көпүрө 3 жыл мурда чоң бензавоз кулап кеткенде бузулуп кеткен. Аны кайра оңдойлу десек тажик тарап «чек арада курулуш курууга болбойт» деп көнбөй койгон. Көпүрөнү тажиктер куралы десе биз каршы чыгабыз. Биз куралы десек тажиктер каршы чыгышат. Анткени делимитация иши жүрөс ким курса ошол жакка өтүп кетет. Бул маселени биз чече албайт экенбиз. Жогору жактагылар эки тараптуу сүйлөшүү жолу менен чечип берсе ушул көпүрөнү оңдосок эки элдин ынтымагына , каттамына жакшы болмок», - деди Жумабаев.
Интернационал айылы Тажикстандын Овчукалача айылы менен чектешет. Элетте 5000ге жакын адам жашайт.