Чүй облусунун Кемин районунда «Менин айылым» аттуу ынтымак форуму өттү. Анын алкагында райондогу 30 мектептин ортосунда «Менин кыялымдагы айыл» аттуу сынак уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Сынакта «Менин кыялымдагы айыл. Мен аны ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетимди жумшаганга даярмын!» деген ураан менен окуучулар келечекте өздөрүнүн айылдарын кандай көрүшөрү жана ошол кыялды ишке ашырууга кандай салымын кошору тууралуу суроолорго жооп беришти. Окуучулар келечектеги максаттары, айылдын тазалыгы жана чоӊойгондо өздөрү жашаган айылды кантип өзгөртүп, өнүктүрүү максаттары менен бөлүшүштү. Алар өз айылдарынын келечектеги көрүнүшүнүн макетин жасап, көргөзмөгө коюшту.
Сынактын жыйынтыгында 1-орунду «Чым-Коргон», «Жол-Булак» жана «Ак-Бекет» орто мектептери жеӊип, райондук мамлекеттик администрациясы менен райондук билим берүү бөлүмүнүн диплом, белектери менен сыйланышты.