10-декабрда Россиянын Рязань шаарында унаа кырсыктан каза болгон кыргызстандык жарандын сөөгү өзүнүн айылында жерге берилди.
Маркум Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айыл аймагына караштуу Садовое айылынын тургуну болгон. Айылдаштарынын айтымында, ал мындан 3 жыл мурун үй-бүлөсү менен Россияга иштегени кеткен.
«Артында жубайы жана төрт баласы калды. Өзүнүн атасы мурда каза болуп калган. Апасына сөөк келгиче угузган жокпуз. Өзү төрт бир тууган. Үч бир тууганы теӊ Россияда эмгектенсе, бирөөсү аталган айылда калган. Мектепти аяктагандан кийин медреседен билим алып, дин жолунда жүргөн бала болчу. Айыл тургундары, туугандары биригип, жайын казып койгонбуз. Кечээ жерге берилди», - деди алар.