Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Соң-Көл жайлоосунда өткөн малчылардын тоюнда эр эңишчи балбандардын ортосунда пикир келишпестиктен улам, эки тараптын ортосунда уруш чыккандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, 2-август күнү Соң-Көл жайлоосунда кыргыз улуттук оюндардын коштоосунда малчылардын майрамы белгиленип жаткан. Анда эр эңиш боюнча ортого чыккан Тоголок Молдо айылынын балбаны менен Жаңы-Талап айылынын балбанынын ортосунда пкир келишпестик жаралып, эки балбан бир-бирин камчы чаап жиберген.
Бул учурда эки балбандын колдоочулары ортого түшүшүп балбандарды ажыратуунун ордуна колдоп келгендер дагы эки-экиден мушташа кетишти. Жыйындыгында көпчүлүктүн жана күч органдарынын аракети менен мушташ токтотулду. Ал эми урушка себепчи болгон эки балбан кайрадан элден жана уюштуруучулардан кечирим сурашты.