Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Соң-Көл жайлоосунда кыргыздын улуттук ат оюндарынын коштоосунда малчылардын майрамы белгиленди. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, Соң-Көлдүн жээгинде өткөрүлгөн малчылардын майрамына облусттук жана райондук бийликтин өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү жашоочулар жана спортчулар катышты. Анда, эр эңиш, көк бөрү, кыргыз күрөш, тай чабыш жана аламан жарыш боюнча кызуу мелдеш өттү.
Мелдештин соңунда төмөндөгүлөр жеңишке жетишти.
Көкбөрү боюнча;
1-орун Тоголок Молдо айылынын 1-командасы,
2-орун Тоголок-Молдо - 2 командасы,
3-орунду Жаңы-Талап айылынын командасы.
Аламан жарыш (күлүк чабыш);
1-орунга Эркинбек Соңколбековдун күлүгү келди (Тоголок Молдо айылы)
2-орунга Мамытбек Асаналиевдин күлүгү келди (Ак-Кыя айылы)
3-орунга Шабданбек Шамиевдин күлүгү (Тоголок-Молдо айылы)
Тай чабыш боюнча;
1-орунга Акылбек Кайырбек уулунун күлүгү келди (Тоголок Молдо айылы)
2-орунга Мамытбек Асаналиевдин күлүгү келди (Ак-Кыя)
70 килограмм салмактан жогорку кыргыз күрөшү боюнча;
1-орун Алмаз Соодонбеков (Кара-Бүргөн айылы)
2-орун Кубат Бообеков (Кара-Бүргөн айылы)
3-орун Элеман Абдыкадыров (Нарын району, Ак-Кудук айылы)
70 килограмм салмактагылар арасында;
1-орун Чыңгыз Улан уулу
2-орун Автандил Акылбек уулу
3-орун Арген Эдил уулу.
Эр эңиш боюнча 70 килограмм салмактагылар арасында;
1-орунду Аманбай Шайдин уулу (Жаңы-Талап айылы)
2-орунду Чолпонбай Темирбек уулу (Жаңы-Талап айылы)
3-орунду Кутман Ильичбек уулу (Тоголок Молдо айылы).
Мелдештин соңунда жеңүүчүлөргө акчалай байге жана дипломдор тапшырылды. Бул мелдешке райадминистрация, айыл өкмөт башчылары жана облусттук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын райондук өкүлү Рүстөм Жусупбек уулу демөөрчүлүк кылышып, жалпы байге фонду 35 миң сомду түздү. Ошондой эле райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору тарабынан малчыларга арнап чакан корцерт тартууланса, белгилүү төкмө акын Азамат Болгонбаев ыры менен малчылардын тоюн куттуктады.