Кадамжайда тигүү цехи ачылып, 8 адам жумуш менен камсыз болду

turmush
Скачать
Просмотров: 288
 
Опубликовано 2 Августа 2018, 15:51

Кадамжай районунун Актурпак айыл өкмөтүндөгү Миң-Чынар айылында ушул жылдын май айында жумушсуз аялдар үчүн ачылган тигүү цехи ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат.

Актурпак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Мамажунус Сатыбалдиевтин айтымында, имаратты курууга жана жабдыктарды алууга 21 миң доллар сарпталып, анын 7 миң долларын жергиликтүү тургундар чогултулган. Учурда цехте 8 жумуш оруну түзүлүп, кийим-кечелер тигилүүдө.